08:42, 01 ноября 2018, 24.kg

Ташкентте бир үй-бүлөдө төрт бала газга ууланып мерт болду

Ташкенттин Чиланзар районунда 6дан 22 жашка чейинки төрт бала газга ууланып каза болду.

Ташкент администрациясынан кабарлашкандай, учурда экспертиза жана тергөө иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү ММКлар 30-октябрда беш кишиден турган үй-бүлө Ташкенттеги кафелердин биринде шишкебек жегенин кабарлашкан. Маалыматта «Үйгө келгенде апасы өзүн жаман сезип, балдар болсо уктап калган. Эртең менен үч кызы жана уулу өлүп калган. Аял ооруканага жаткырылган» деп айтылган.

Өткөн аптада Наманган облусунун Чуст районунда шишкебектен эки киши набыт болуп, алтоо оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү кабарланган. Ошол эле күнү ондогон киши дарыгерлерге кайрылган. Алар район базарындагы ашканадан шишкебек жеп ууланганы кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18