15:26, 31 октября 2018, 24.kg

Ала-Тоонун ак карын, Бишкекти сагынган вандык кыргыз Аднан Мендерес Кутлу

Түркиянын чыгышындагы Ван көлүнүн аймагында кыргыздар 1980-жылдары жайгашкан. Аднан Мендерес Кутлунун түпкү теги- Ооганстан Памирин жердеген ичкилик кыргыздардан. Ал Ванга 1982-жылы үй-бүлөсү менен көчүп келген. Учурда эт сатып эмгектенген вандык кыргыз төрт баланы чоңойтту. Ал 24.kg агенттигине Вандык кыргыздардын жашоо-турмушу тууралуу айтып берди.

Photo 92865

— Ата-энеңиз Памирлик кыргыздар экен, өзүңүз Кыргызстанга келдиңиз беле?

— Ооба, акыркы жолу 1993-жылы баргам.

— Ванды байырлаган кыргыздардын саны канча?

— Бүгүнкү күндө 4000 кыргыз жашайт. Түркия өкмөтү атайын жер бөлүп берип, жашоо шарттарын түзүп, Улуу Памир айылын тургузуп беришкен. Бул жакта баардык үй-бүлө мүчөлөрү кыргызча сүйлөшөбүз. Тилекке каршы, мында кыргыз мектептери жок. Андыктан балдарыбыз жергиликтүү калктын тилинде билим алышат.

Photo 92868

— Ванда отурукташып калганыңыздарга 36 жыл болуптур, каада-салтта өзгөрүүлөр болдубу?

— Салт-санаабызды унуткан жокпуз, ар дайым карманып келебиз. Той-топурлар, өлгөндү акыркы сапарга узатуу зыйнаты ошондой эле, эч өзгөргөн жок. Болгону кийим-кечек кийүү маданияты оогандык кыргыздардыкындай. Ат чабыш, улак тартыш, эңишке чыгуу, ат оюндарынын эрежелери да ошол бойдон.

— Кыргызстандан Вандык кыргыздарды атайын зыярат кылгандар көп элеби?

— Кыргызстандан бул жакка зыярат кылгандар көп. Сулайман Кайыпов, Кадыраалы Коңкобаев жана башка белгилүү тарых изилдөөчүлөр көп келишти. Консул жана элчилер дайыма кабар алып турушат. — Этникалык кыргыздар эмне менен алектенишет?

— Бул жакта дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенишет. 200гө жакын аскер командирлери бар. Мугалим, жактоочу, офицер болуп кызмат өтөшөт.

Photo 92863

— Кыргызстан тууралуу кабар алып турасыздарбы?

— Маалыматты интернет аркылуу алабыз, кээ бир каналдарды көрөбүз. Мындагы кыргыздар куудул Абдылда Иманкулов, Күмөндөр Абылов жана төкмө акын Аалы Туткучевди жакшы көрөбүз. Айрыкча Аалы Туткучовго салам айткыла! Мен Ала-Тоонун карын сагындым, Бишкекти кыдырып жүргүм келет!

Photo 92864

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18