14:02, 31 октября 2018, 24.kg

Соцфонд: Кыргызстанда эң аз пенсия 1000 сом, эң көп 100 миң сом

Депутат Сайдулла Нышанов («Ата Мекен») Кыргызстанда суммасы эң аз жана эң көп болгон пенсияны сурап кызыкты. Ал парламенттин отурумунда суроо узатты.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары пенсиянын көлөмү мыйзамда көрсөтүлгөн факторлого көз каранды деп жооп берди. «Мисалы, жаран камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөгөн болсо, анда ал такыр пенсия албай калышы мүмкүн», -деди.

Депутат пенсия жашына келип бирок аны албаган жарандар барбы деп сурады. «Азырынча андайлар жок, анткени алар советтер маалында окушкан. Мисалы, ал стаж болуп саналат», -деди аткаминер.

«Көзү ачыктык менен алектенүүнүн кереги жок, жөн гана Кыргызстанда суммасы эң аз жана эң көп болгон пенсияны айтыңыз», -деди депутат. Ал эң аз пенсиянын көлөмү 1 миң сомдон башталып, эң көп 100 миң сомго чейин жетерин укту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18