13:42, 31 октября 2018, 24.kg

Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткандар иш таштады

Бүгүн 31-октябрда Балыкчы—Тамчы—Корумду унаа жолунун куруучулары кайрадан иш таштап, нааразылык акциясына чыгышты.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы жеринен билдиргенине караганда, Балыкчы шаарына чогулган 50дөн ашык жумушчу акыркы үч айдан бери айлык ала электигин айтып, маяна төлөнүп берилгенден кийин гана ишке киришерин айтып турушат.

Нааразы болгон жумушчулар менен Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Табалдиев жолукту.

Балыкчы — Корумду жолунун курулушу — өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек, бирок башынан ызы-чуу менен коштолуп келе жатат. Маселени мурдараак парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18