13:41, 31 октября 2018, 24.kg

Орусияда өзбекстандык төрт жаштагы баласын өрттөп жиберди

Челябинск облстук соту 30-октябрда төрт жаштар баласын тирүүлөй өрттөп, өзүн жана чогуу жашаган түгөйүн өлтүрүүгө аракет кылган өзбекстандык кишиге карата өкүм чыгарды.

Маалыматтарга караганда, 31 жаштагы Бахром Дадаханов жарандык никедеги аялы менен урушуп кетип, короодо токтоп турган автоунаадан бензин куюп алып, майды өзүнө жана үйдүн ичине чачып, ширеңке тутанткан. Өрт чыккан соң Дадаханов түгөйү менен тышка чыгууга үлгүргөн, бирок баласы үйдүн ичинде калып, мерт болгон.

Алдын ала тергөө маалында Дадаханов өрт үчүн күнөөнү башка адамдарга арта салууга аракет жасаган. Бирок анын версиясы четке кагылып, өзбекстандык жаранга карата айыптоочу өкүм чыккан.

Бахром Дадаханов 19 жылга эркинен ажыратылды, ал жазасын катаал режимдеги колонияда өтөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18