12:19, 31 октября 2018, 24.kg

Психикалык жактан жабыркагандар айдоочулук күбөлүк алышкан. Кылмыш иши козголду

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы унаа каражаттарын каттоо департаменти психикалык жактан жабыркаган жарандарга айдоочулук күбөлүк берип келишкен. Бул тууралуу маалымат жыйында жемкорлукка каршы аракет кылуу жана көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын прокурору Чыңгыз Айдаров билдирди.

Айтымында, текшерүү маалында эреже бузуулар аныкталды. 20 кылмыш иши козголду. Ал кошумчалагандай, прокуратура автомектептерде окуткандыгы тууралуу күбөлүктөрдү мыйзамсыз берилгендигин тастыктады.

«Автомектептерде жана лицейлерде лицензиясынын мөөнөтү өтүп кетсе деле күбөлүк берип келишкен. Бул фактылар боюнча дагы кылмыш иши козголду», -деди Чыңгыз Айдаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18