10:43, 31 октября 2018, 24.kg

Аялынын өлүмүнө шектелген жаран 5 жылга кесилди

Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук соту Сардорбек Нематжоновду 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Маалыматка караганда, шектүү аялын өз өмүрүнө кол салууга жеткирген. Жубайы уксус ичип алып каза болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, соттолуучу аялына кол көтөрүп, телефондон сүйлөшүүгө уруксат бербей келген. Ал күйөөсүнөн кетип калайын десе шектүү аны кое бербей койгон.

«Соттолуучу күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, жубайы үйдөгү милдеттерин аткарбай, кайненеси менен урушкан. Кырсык болгон күнү алар урушуп кеткен. Аялы өз ата-энесиникине жеткирип коюуну талап кылган, бирок ал бир канча күндөн кийин жеткире турганын айткан. Көп өтпөй аялы жуунучу бөлмөдө уксус ичип алып жатканын көргөн», -деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18