10:28, 31 октября 2018, 24.kg

Монголиянын президенти парламент таркабаса ачкачылык жарыялай турганын билдирди

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга эгер өлкө парламенти (Улуу элдик хурал) өзүн өзү таркатууга барбаса, анда ачкачылык жарыялап же отурган абалда иш таштай турганын билдирди. Бул тууралуу монгол телеканалдарына шилтеме кылып Bloomberg агенттиги билдирди.

Bloombergдин белгилешинче, Монголияда Баттулганын мындай аракеттери 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоонун алдындагы саясий жүрүш катары бааланууда. Президент жетектеген Демократиялык партия парламентте көпчүлүк орунга ээ болууну көздөп жатат. Калган мандаттар башкаруучу Монгол элдик партиясына таандык. Жергиликтүү эксперттер президент мындан тышкары өз администрациясы үчүн көбүрөөк ыйгарым укук алууга аракет кылып жатканын белгилешүүдө.

29-октябрда Баттулга парламентке кат жолдоп Улуу элдик хуралды мөөнөтүнөн мурда таркатууну сунуштаган. Анда парламент 2016-жылкы парламенттик шайлоо алдында берген убадаларын аткарбаганы жана мыйзамдарды бузганы белгиленген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18