16:16, 30 октября 2018, 24.kg

Айыл чарба министри Нурбек Мурашевге субординацияны сактоого кеңеш беришти

Айыл чарба министри Нурбек Мурашевге субординацияны сактоого кеңеш беришти. Бул тууралуу экономика жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Эльвира Сурабалдиева айтты.
 
Отурумда депутат аталган министрлик фермерлерди таза суу менен камсыздоо маселесин чечпейт деп билдирди. Бирок, министр көйгөй жок экендигин айтты. Нурбек Мурашев менен депутаттын ортосунда кайым айтышуу орун алды. Жыйынтыгында Эльвира Сурабалдиева министрди айылдарды кыдырып абалды жеринен көрүүгө чакырды.
 

«Олег Панкратовдон кийин кызматтан кете турган талапкер сизсиз. Сиз палатада дагы ушундай жооп бересиз. Айланадагылардын баары күнөөлүү, жалгыз өзү таза. Биздин байкуш фермерлер кыйналып жатышат», -деди ал.

Нурбек Мурашев жооп берейин деди, бирок депутаттар аны субординацияны сактоого чакырышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18