14:53, 30 октября 2018, 24.kg

Өзбекстан 2023-жылы метанолдон бензин чыгара баштайт

Түштүк кореялык GS Engineering & Construction Corporation компаниясы 2022-жылы Өзбекстанда метанолдон бензин чыгара баштайт.

Президенттин «Өзбекстан республикасында химиялык өнөр жайды өнүктүрүүнү тездетүү чаралары жөнүндөгү» токтомунда «Навоиазот» акционердин коомунун базасында жогорку октандуу бензин чыгаруу боюнча наркы 200 миллион долларга бааланган өндүрүштү уюштуруу тапшырмасы берилген.

Долбоорго ылайык, декабрда GS, «Узхимпром» жана «Навоиазот» компаниялары биргелешкен ишкана түзүү боюнча документке кол коюшат. Ишкана жылына 104,3 миң тонна метанол бензинин жана 14,4 тонна пропан-бутан аралашмасын чыгарууга кудуреттүү.

2019-жылга чейин долбоордун техникалык-экномикалык негиздемеси даярдалат. 2020-жылы майда курулушту баштап, 2022-жылы декабрда ишкананы ишке берүү пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18