Өзбекстанда фермерлерди сууга салган вице-премьер жумуштан алынды
Өзбекстан премьер-министринин айыл чарба боюнча орун басары Зойир Мирзаев Ташкент облусунун Аккурган районундагы жаңжалдуу окуядан кийин кызматтан алынды.
Социалдык түйүндөрдө арыктын ичинде жер карап, тизеге чейин суу болгон алты кишинин сүрөтү 27-октябрда тараган. Аларды вице-премьер-министр, Ташкент облусу менен Аккурган районунун жетекчилеринин көзүнчө жазалашкан.
Бул окуя чоң чуу жараткан соң, 29-октябрда Өзбекстан президентинин жарлыгы менен вице-премьер-министр Зойир Мирзаев кызматтан алынды. Ушул эле күнү өзбек лидери мажбурлап иштетүүлөргө жол бербөө үчүн бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча буйрукка кол койду.