09:33, 30 октября 2018, 24.kg

Жаңы төрөлгөн наристесин тумчуктуруп өлтүрөн аял 3 жылга эркинен ажыратылды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук соту жаңы төрөлгөн наристени тумчуктуруп өлтүрөн аялды күнөөлүү деп тапты. Ал 3 жылга эркинен ажыратылды.
 
Күнөөлөнүп жаткан аялдын туруктуу жашаган жери жок. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал дыйкан чарбасына тиешелүү будканын ичинен көз жарган. Полиэтилен пакетин алып баланын мойнуна ороп, аны тумчуктуруп өлтүргөн.
 

«Соттолуучу бул кылыгын оор турмуш шартка байланыштырган. Ал баласын өлтүргөн эмесмин деп жатат. Бала кечке ыктыта берген, кийин тынчып калганын айтат. Аял эртеси күнү жумушка чыккан, бирок анын абалын көргөн кожойке Чүй төрөт үйүнө алып барган. Дарыгерлерге аял боюнан түшүп калганын айткан. Ал эми бала дааратканага түшүп кеткен деген», -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын мартында Аламүдүн районунда аял үйдөн төрөп баласын пакетке ороп дивандын алдына катып койгон. Бала милиция келгенче чарчап калган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18