08:49, 30 октября 2018, 24.kg

Ташкентте дарыгерлер бир тууган үч наристенин өлүмү үчүн соттолду

Ташкентте Алмазар райондук соту 2017-жылы ноябрда удаалаш көз жумган бир тууган үч наристенин өлүмү үчүн эки дарыгерди күнөөлүү деп тапты.

Сотто наристелер дарыгерлердин шалаакылыгынан улам көз жумганы аныкталган. Маркумдардын туугандары инфекциялык оорукананын дарыгери Хусан Гиясовго карата чара көрүлбөгөнүнө даттанышууда. Алардын айтымында, жети жашар Муниса, алты жашар Мухлиса, жана төрт жашар Мохира Учтепа райондук инфекциялык ооруканасынын дарыгерлери кош көңүл мамиле жасашкандыктан, бир нече сааттын ичинде биринин артынан бири көз жумган.

«Инфекциялык оорукананын реанимация бөлүмүнүн дарыгери 21:00дөн тарта түндүн бир оокумуна чейин эч нерсе кылган жок. Дарыгерлер 1:30да 6 жаштагы Мухлиса чарчап калганда гана чуркай башташты. Биз кыздарыбыздын өлүмүндө Хусан Гиясов негизги күнөөлүү деп эсептейбиз. Аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен кайрадан арыз жазды», — деди маркумдардын туугандарынын бири.

Буга чейин бөбөктөр шишкебекке ууланганы кабарланган. Бирок алардын жакындары бул маалыматты четке кагышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18