08:47, 30 октября 2018, 24.kg

КСДП: «Илмиянов алды» деген акча боюнча президент жооп берсин

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) «Икрамжан Илмиянов алды» деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялады.

Атайын кызматтан келген, «24-октябрда жазылды» деген катта «тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов «Дизел комплект» аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды «демөөрчүлүк жардам» катары алганы аныкталды» деп айтылган. Ушундан улам КСДПнын эсебине ушунча акча түшкөн-түшпөгөнүн тактоо боюнча суроо берилген.

Катта КСДПнын штабга жана шайлоо фондуна эч кандай тиешеси жок экендиги, партия акчаны албаганы айтылган. Финансылык документтердин баары талапкердин штабы менен БШКда болоору белгиленген. Ошондуктан КСДП «бардык суроолор боюнча мурунку президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну» сунуш кылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрында кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон.



Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18