15:02, 29 октября 2018, 24.kg

БШК Аскарбек Шадиевди депутаттык мандатынан ажырата элек

БШК Аскарбек Шадиевди депутаттык мандатынан ажырата элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Айтымында, азыркыга чейин Жогорку Кеңештен депутаттын канча жолу отурумга катышпагандыгы тууралуу документ комиссияга келе элек.

«Парламенттин мүчөсү канча жолу отурумга келбегенин мыйзам чыгаруу боюнча комитет карашы керек, анткени ал профильдик комитет. Эгерде депутат жүйөөсүз себептерден улам отурумга 30 жолу келбесе, анда комитет аны мандаттан ажыратуу тууралуу маселени карап чыгышы керек. Андан кийин гана бизге тиешелүү кагаздарды жиберет», -деди Абдыжапар Бекматов.

Эске салсак, Аскарбек Шадиевге карата 3 берене боюнча кылмыш иши козголгон.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18