13:30, 29 октября 2018, 24.kg

Түркияда кыргызстандык мугалим 12 жылга эркинен ажыратылды

Түркияда окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыпталган кыргызстандык 56 жаштагы мугалим 12 жылга эркинен ажыратылганын «Hürriyet» басылмасы маалымдады.

Ал 13 жаштагы cекелекке «жыныстык ыдык көрсөттү» деп, Түркиянын Жаза кодексинин 103-беренеси («Балдарды жыныстык жактан кордоо») боюнча күнөөлүү деп табылды.

Анталия шаарына караштуу Манавгат райондук № 1 кылмыш-жаза соту теги кыргызстандык жаранга каршы ачылган доо боюнча ишти 27-октябрда карап, чечим чыгарган.

Окуя быйыл апрель айында Манавгат шаарчасында болгону, сабакта мугалим окуучу кыздын бутун кармалаганы айтылган. Бирок ал сотто өзүнө коюлган дооматка макул болгон эмес. «Мен 25 жылдан бери пианинодон сабак берем. Мен кыянаттык кылып окуучумдун буттарын кармалаган эмесмин, педалды бассын дегем. Бул сабактын бир ыкмасы», — деди соттолгон мугалим.

Ал 15 жылдан бери Анталиянын Манавгат шаарчасында жеке менчик музыка мектебинде пианино мугалими болуп иштечү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18