24.kg
Бактыгүл Калдарбаева
12:33, 14 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Салбуурун федерациясынын негиздөөчүсү президенттен колдоону күчөтүүнү суранды

Салбуурун федерациясынын негиздөөчүсү Алмазбек Акунов президент Садыр Жапаровго кайрылып, улуттук спортко жана аңчылык өнөрүнүн чеберлерине мамлекеттик колдоону күчөтүүнү өтүндү. Кайрылуу социалдык тармактарда жарыяланды.

Акуновдун айтымында, кыргызстандык спортчулар ири эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды байма-бай ээлеп келет. Бирок бул багытка мамлекеттик колдоо дагы деле жетишсиз.

Ал өзгөчө бүркүт салуу өнөрүнө көңүл бурууга чакырды. Анын айтымында, Кыргызстан бул багытта Казакстан, Монголия жана араб өлкөлөрүнө салыштырмалуу колдоодон артта калууда.

«Дүйнөдө жырткыч куштарды таптап, үйрөтүү боюнча мыкты чеберлер кыргыздар деп айтууга болот. 2016-жылдан бери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында биздин спортчулар байгелүү орундарды туруктуу алып келет.
Алмазбек Акунов

Федерациянын негиздөөчүсү Кыргызстан менен Казакстандагы байге фонддорун да салыштырды. Анын айтымында, Казакстанда бүркүтчүлөрдүн мелдештеринде баш байгеге автоунаалар коюлуп, өлкөдө бүркүтчүлөрдүн саны 150дөн ашат. Ал эми Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчүлөргө 50 миң, 40 миң жана 30 миң сомдон сыйлык берилген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова да Салбуурун федерациясын мамлекеттик жактан колдоо маселесин көтөргөн. 2026-жылга федерацияга 11 миллион сом каралган, бирок бул каражат мелдештерди өткөрүүгө гана багытталган.

Депутат бүркүттөрдү, тайгандарды жана жылкыларды багууга да кошумча каражат керек экенин белгилеген.

Views
1
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18