USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

«Abank»: Ишкерлер үчүн «жашыл» каржылоого 2 миллиард сом багытталат

11:54, 06 октября 2026, Бишкек - 24.kg

«АБанк» жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2 миллиард сом өлчөмүндө келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы «АБанкка» кичи, чакан жана орто бизнести узак мөөнөттүү каржылоо үчүн максаттуу кредиттик ресурстарды берет. Кредиттер жылдык 8 пайыз үстөк чен менен, 60 айга чейинки мөөнөткө кичи, чакан жана орто ишкерликти колдоо программасында каралган багыттардын алкагында берилет.

Каржылоону Кыргыз Республикасында иш алып барган жана программанын талаптарына жооп берген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар ала алышат.

 

Каржылоо төмөнкү багыттарды колдойт:

 

  • «Жашыл» лизинг жана бизнести модернизациялоо — коммерциялык электр транспортун, энергияны үнөмдөөчү жабдууларды, тамчылатып сугаруу системаларын жана кайра жаралуучу энергиянын чакан орнотмолорун сатып алуу;
  • туристтик инфраструктура — экологиялык чечимдерди колдонуу менен объектилерди модернизациялоо, анын ичинде заманбап тазалоочу курулмаларды орнотуу;
  • аялдардын ишкердиги — аял-ишкерлер жетектеген компаниялардын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу;

Кыргыз Республикасынын «Жашыл» таксономиясына ылайык башка максаттар.

Келишим ишкерлердин узак мөөнөттүү каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен экологиялык модернизация, туризм жана аялдардын ишкердиги тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

«АБанк» Кыргызстандын бизнесин жана экономикасын технологиялык модернизациялоону колдоо үчүн каржылык инструменттерди өнүктүрүүнү улантууда.

Арызды «АБанктын» расмий сайты https://abank.kg/ru аркылуу же банктын каалаган бөлүмүнө кайрылып берүүгө болот.

КР УБ лицензиясы № 048.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика