«АБанк» агробизнести каржылайт: Өндүрүштөн кайра иштетүүгө чейин
«АБанктын» «Кошумча нарк чынжырын түзүү агрокаржылоо» программасы фермерлерге жана агробизнеске өндүрүштү кеңейтүүгө, жабдууларды жаңылоого жана продукцияны кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Каржылоо каражаттарын айыл чарба техникасын жана жабдууларын сатып алууга, продукцияны сактоо жана кайра иштетүү объекттерин курууга же модернизациялоого, ошондой эле энергияны, сууну жана башка ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө пайдаланууга болот.
Программа 35 миллион сомго чейинки жылдык жүгүртүүсү бар фермерлердик чарбаларга, жеке ишкерлерге, кооперативдерге жана агро азык-түлүк тармагындагы ишканаларга багытталып, каржылоо жылдык 10 пайыздык чен менен берилет.
Негизги шарттары:
• кредиттин суммасы: 150 миңден 12 миллион сомго чейин;
• пайыздык чен: жылдык 10 пайыз (натыйжалуу пайыздык чен 10,46 пайыздан баштап);
• мөөнөтү: жүгүртүү капиталын каржылоого 3 жылга чейин, инвестициялык максаттарга 7 жылга чейин;
• жеңилдетилген мезгил: негизги карызды төлөө боюнча жүгүртүү капиталын каржылоодо 6 айга чейин, инвестициялык кредиттерде 12 айга чейин.
Программа тууралуу толук маалыматты «АБанктын» жакынкы филиалдарынан же https://abank.kg/ расмий сайтынан алууга болот.
КР УБ лицензиясы № 048.