15:28, 06 декабря 2024, 24.kg

Бала бакчалардын директорлук кызматына 506 бош орун бар: Сынак жарыяланды

Кыргызстанда бала бакчаларда директорлук кызматка 506 бош орун бар. Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, сынактын биринчи этабына катышуу үчүн талапкерлердин арыздарын жана документтерин каттоо 6-декабрда башталып, 19-декабрда аяктайт.

Буга чейин министрлер кабинетинин башчысы маселени 1-декабрга чейин чечип берүүнү убада кылган.

Анын айтымында, бул датага чейин «мектеп жана бала бакча директорлорунун бардык бош орундарын толуктайбыз». «Мен бул маселе боюнча жыйын өткөрдүм. Бардык бош орундарды 1-декабрга чейин толуктайбыз. Бардыгы түшүнүктүү болуш үчүн тесттерди жөнөкөйлөтүү боюнча тапшырма бердим», — деди Акылбек Жапаров парламентте.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын июль айында президент Садыр Жапаров 5 жылдан ашык кызматта иштеген бардык мектеп директорлорун кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгон. 966 билим берүү мекемесинде директорлор алмашышы керек болчу. Документке ылайык, билим берүү мекемелеринин жетекчилери сынактын жыйынтыгы менен беш жылда бир жолу дайындалат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18