14:12, 06 декабря 2024, 24.kg

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы УКМКда сурак берүүдө

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов УКМКнын борбордук аппаратында сурак берүүдө. Маалыматты 24.kg басылмасынын кабарчысына күч түзүмдөрүндөгү булак тастыктады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-декабрда аткаминер суракка чакырылган. Саат 13.20дагы маалымат боюнча, ал тергөөчүнүн кабинетинде болууда.

Photo 356396

Эске салсак, борбор калаанын бардык төрт райондук башкармалыгынын салык кызматкерлерин массалык түрдө камакка алуу Бишкек шаарында болгон. УКМКнын кызматкерлери «Альфанын» аскерлери менен биргеликте тинтүү жүргүзүп, андан соң төрт бөлүм башчы жана 30га жакын катардагы кызматкерлер суракка алынып келинген. Кийинчерээк мамлекеттик комитет тинтүүнүн себептерин жана кармалгандардын аты-жөнүн жарыялады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бир күн мурун парламентте сүйлөп жатып: Салык кызматкерлери электрондук накладнойлорго (ЭТНН) байланыштуу коррупциялык схема түзүп, өлкөнүн бюджетине 3,2 млрд сом зыян келтиргенин билдирген. Ошол эле учурда ал Салык кызматынын жогорку жетекчилери да кармалышы мүмкүн экенин белгиледи.

Мындан тышкары, 24.kg маалымат булагы 5-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев суракка чакырылып, андан соң кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18