12:52, 06 декабря 2024, 24.kg

Чек арачылар тергөөдө жүргөн жаранга өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө көмөктөшкөн

Коопсуздук кызматы пара алууга шектелген эки чек арачыны кармаганын УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Атайын кызмат тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында пара алуу фактысы боюнча А.Э., К.С. аттуу чек ара кызматынын аскер кызматкерлери кармалган. Алар ири өлчөмдө акчалай сыйлык үчүн чет мамлекеттин жаранына Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып, республиканын аймагында жасаган укук бузуулары үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинен жашырынуу максатында көмөк көрсөтүшкөн.

Чет мамлекеттин жараны өлкө аймагындагы ири көлөмдөгү акчалай сумманы төлөө боюнча милдеттенмелерден качуу максатында жана Кыргызстандын чегинен тышкары жүрүүгө убактылуу чектөө бар экенин түшүнүп, Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп эсептелген КР жараны А.Т.га акчалай сыйлык берүүнү убадалап, Кыргызстандын чегинен чыгууга жардам сураган жана бул кылмыштуу аракеттерине айрым чек арачыларды тартышкан.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда алардын укукка каршы ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18