17:49, 05 декабря 2024, 24.kg

Ошто опузалап акча талап кылуу менен алектенген бажы кызматкерлери кармалды

Ошто системалуу түрдө акча талап кылып келген бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-декабрда Кара-Суу районунун аймагында Бажы кызматынын «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери арасында бажы тазалоо жол-жоболорун тездетип жүргүзгөндүгү жана бажы мыйзамдарын бузууларды жашыргандыгы үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан системалуу түрдө акча чогултуу фактылары боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Аталган кылмыш иши боюнча «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо жеринин эки башкы инспектору А.Д.М .жана А.А.Ш., 2 улук инспектору Ж.у.К. жана Ж.Ч.И., «Ош» бажы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору К.М.Н. жана «Мега логистик» БКЖнын башкы инспектору Р.М.М., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган оператор кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18