15:45, 31 октября 2024, 24.kg

Селден жабыркаган Ысык-Көлдүн тургундары жөлөкпул ала элек

Селден жапа чеккен Ысык-Көлдүн тургундары дагы деле жөлөкпул ала элек. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнө Корумду айылынан келген «өзгөчө» баланын энеси кайрылган. Ал эске салгандай, 18-августта нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында сел жүргөн.

«Катуу зыянга учурабаган үйлөр компенсация алышкан. Ал эми бузулуу деңгээли жогору болгон үйлөр — булар биринчи жана экинчи категориядагы объектилер . Аларга келтирилген зыяндын улам жөлөкпул бериле элек. Алардын арасында «өзгөчө» баланын энеси да бар. Жакында суук келет, маселени чечип бериңиз«,-деди Айсулу Мамашова.

Депутат көйгөйдү айтканда, төраганын орун басары Жамиля Исаева көтөрүлүп жаткан маселенин талкууланып жаткан мыйзам долбооруна тиешеси жок болгондуктан, оюн тезирээк бүтүрүүнү суранды. Ал кошумчалагандай, Айсулуу Мамашова «Ар түрдүү маселер» алкагында сүйлөмөкчү, ага эки саат убакыт бөлүнгөн.

Айсулуу Мамашова жеке көйгөйлөрүн көтөрбөгөндүктөн анын сөзүн бөлбөөнү суранып, Жамиля Исаеваны отурумду ЖКнын жобосунун алкагында өткөрүүгө чакырды.

«Мен мыйзам долбоору тууралуу айтпай турганымды алдын ала эскерткем. Сиз бул тууралуу билип туруп дагы эле менин сөзүмдү токтоттуңуз, бирок жободо сизге андай укук берилбейт. Депутат процессуалдык микрофонго келгенде микрофонду бергиле да, керек учурда эле бербей. Селден жабыркаган айылдарга көңүл буруңуз, Алмас Ахунжанович. Жамиля Кубанычбековна депутаттарга микрофон бергиче күтө алышпайт», — деди парламентарий.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18