14:19, 31 октября 2024, 24.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги суу полициясын ишке киргизүүнү пландоодо

Кыргызстанда суу полициясы кызматын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Алмаз Тургунбаев билдирди.

Ал «Ички суу транспорту жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда алып чыкты.

Алмаз Тургунбаев белгилегендей, Кыргызстанда транспорттун үч түрү: кургактык, аба жана суу колдонулат. Эгемендүүлүк алган күндөн бери Кыргыз Республикасында суу транспорту жөнүндө мыйзам жок.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басарынын айтымында, бүгүнкү күндө 1,5 миңге жакын суу транспорту катталган.

«Ар бир кеме каттоодон өткөн. Алардын айдоочуларын Суу жана жер үстүндөгү транспорт департаменти окутуп, андан кийин айдоочулук күбөлүк беришет. Ысык-Көлдө суу транспортун көзөмөлдөгөн үч гана кызматкерибиз бар. Азыр Ички иштер министрлиги суу полициясын ачуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууда», — деди Алмаз Тургунбаев.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18