12:55, 31 октября 2024, 24.kg

Эл өкүлү Жогорку Кеңешти эки палаталуу кылууну сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Медер Алиев парламентти эки палаталуу кылууну сунуштады.

Депутат тиешелүү мамлекеттик органдар чечип берүү үчүн жарандардын көйгөйлөрүн айтып турушкан күн тартибиндеги «Ар кандай маселелерди» кароо токтотулганына нааразы болду.

«Жакында биз ар кандай маселелерди жокко чыгарууну адат кылып алдык. Анда эки палаталуу парламент кылалы. Мыйзам чыгаруу палатасы мыйзам долбоорлору менен, ал эми өкүлчүлүк палата жарандардын маселелери менен алектенет», — деди Алиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Казакстан парламентинин депутаттарынын келишине байланыштуу күн тартибиндеги маселелердин тизмесин кыскартты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18