10:26, 31 октября 2024, 24.kg

Нурлан Мотуев кармалды. Улут аралык кастыкты козутканбы?

Бишкекте укук коргоо кызматкерлери Нурлан Мотуевди кармашканын борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал расалык, этникалык, улуттук, диний аймактар ​​аралык кастыкты (жек көрүүчүлүктү) козуткан деп шектелүүдө.

ИИМ белгилегендей, 2024-жылдын 16-октябрында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Нурлан Мотуев «Инстаграм» баракчасында улуттук азчылыктын өкүлдөрүнө карата терс пикирин билдиргени аныкталган. Ошентип, интернетти пайдалануу менен улуттар аралык кастыкты козутуу, кемсинтүү, ошондой эле улуттар аралык чыр-чатактын негизинде жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчилигин пропагандалаган.

«Чынында экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы боюнча изилдөөгө берилген материалдарда улутуна карата адамдын өзгөчө артыкчылыгын, төмөндүгүн пропагандалоонун лингвистикалык белгилери бар. Изилдөө үчүн берилген материалдарда улуттар аралык кастыктын лингвистикалык белгилери бар», — деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш козголду. Мотуев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева шылуундардан жапа чеккен жарандар Ички иштер министрлигине ишенбегендиктен Нурлан Мотуевге кайрылып жатканын билдирген. Нурлан Мотуев жабырлануучулардын өтүнүчү менен шылуун делген адамдардын сүрөттөрүн жана маалыматтарын социалдык тармактарга жарыялап, андан кийин алдангандардын акчасын кайтарып бергени айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18