17:40, 30 октября 2024, 24.kg

ШКУ өлкөлөрүнүн биржасы кызматташуунун бирдиктүү платформасын түзөт

ШКУ өлкөлөрүнүн биржасы кызматташуунун бирдиктүү платформасын түзөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Бул маселе Циндао шаарында өткөн «Кытай-ШКУнун товардык биржаларынын кызматташуу платформалары» форумунда талкууланды.

«ШКУ мамлекеттеринин биржаларынын өкүлдөрү Азия-Европа биржасынын (AAEX) демилгесинин алкагында кызматташуу үчүн бирдиктүү аянтча түзүүнү макулдашты. КФБнын жетекчиси Аида Чодулова ишмердүүлүктүн негизги багыттары тууралуу айтып берди. Улуттук жана дүйнөлүк экономикага интеграция процесстери, ошондой эле КФБнын чийки заттык сектору боюнча статистикалык маалыматтар берилди», — деп айтылат билдирүүдө.

KФБ, Пакистандын товардык биржасы, Баалуу кагаздар жана атайын каттоо агенттиги, Тажикстандын Финансы министрлиги жана Казакстандын Товардык биржасынын Евразиялык соода системасы сооданы жеңилдетүү үчүн AAEX платформасына кошулууну чечишти.

Форумдун катышуучуларынын айтымында, ШКУ биржаларынын жаңы платформасы ар түрдүү өлкөлөрдүн товардык биржаларына товарлар боюнча биргелешип маалымат берүүгө, рыноктогу суроо-талап менен сунуштун дал келишине, транзакцияларды координациялоо кызматтарына, жеткирүү чынжырчасын каржылоого, кампа жана логистика, ошондой эле экономикалык жана ШКУ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсү жана соода-экономикалык алмашуу үчүн соода форумдарын өткөрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18