17:29, 30 октября 2024, 24.kg

УКМК: «Селмаш» стадиону жана бассейни Бишкектин балансына кайтарылды

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жеке менчикке мыйзамсыз берилген кыймылсыз мүлк объекттерин кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө М.В. Фрунзе атындагы мурда айыл чарба машина куруу заводуна тиешелүү болгон стадиондун жана бассейндин аймагын мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, заводдун аймагындагы объекттерди менчиктештирүүнүн жүрүшүндө Фрунзе атындагы заводдун жеке адамдары, кызмат адамдары менен тил табышып, стадионго жана бассейнге жеке менчик укугун тастыктаган документтерди алышкан. Бул факт боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти «Сельмаш» стадионуна карата жасалган аракеттерди жараксыз деп табуу боюнча сот органдарына доо арыз менен кайрылган.

Ленин райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечими менен белгиленген аймак Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлдү. Ошентип, жалпы аянты 3,6 га болгон 1 млрд 84 млн 248 миң сомдук объекттер мамлекетке кайтарылды.

Мындан ары кайтарылган социалдык объекттер Бишкек шаарынын тургундарынын жана борбордун конокторунун кызыкчылыгында гана пайдаланылат.

КР УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча максаттуу иштерди улантууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18