13:53, 30 октября 2024, 24.kg

Айбек Маткеримов: «Мектеп директорлугуна сынак оор, мугалимдер нааразы болууда»

Мугалимдер мектеп жана бала бакчалардын директорлугуна сынак аркылуу тандоо кыйын болуп жатканына нааразы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 2 миң 377 орто мектеп бар. Алардын 401инде учурда директордун милдетин аткаруучулар бар. Айбек Маткеримов билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо тартибин өзгөртүүнү суранат.

«Сынактын татаалдыгына байланыштуу 401 мектепке директорлор дайындала элек. Ошондой эле тандоодон улам жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн айрым жетекчилери коррупциялык схемаларды түзүшкөн. Мына ушуга көңүл бургула», — деди Айбек Маткеримов.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын июль айында президент Садыр Жапаров өз кызматтарында беш жылдан ашык иштеген бардык мектеп директорлорун кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгон. 966 мектептин директорлору алмашмак. Жарлыкка ылайык, билим берүү мекемелеринин жетекчилери сынактын жыйынтыгы менен беш жылда бир жолу дайындалат. Квалификациялык тесттин биринчи туру 2023-жылдын 11-августунан 30-августуна чейин өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18