14:26, 29 октября 2024, 24.kg

Депутат мас абалында айдоочуларга 100 миң сом айып салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев мас абалында айдоочуларга 100 миң сом айып салууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Эл депутаты Кыргыз Республикасынын Мыйзам бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

Мыйзам долбоору жол кырсыктарынын алдын алуу, айдоочулардын тартибин чыңдоо жана мас абалында (алкоголдук ичимдиктерди, баңгизаттарды, психотроптук жана башка заттарды) башкарууга жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Эрнис Айдаралиев айып пул мыйзам бузуучуга түздөн-түз каржылык таасир этет деп эсептейт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККБ) маалыматы боюнча, 2023-жылы 7 миң 810 айдоочу мас абалында унаа айдап, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган.

Башкы прокуратуранын автоматташтырылган маалымат тутумунун Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин маалыматы боюнча, ошол эле жылы бир жыл ичинде транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган айдоочулар тарабынан жасалган ар кандай укук бузуулардын 1577 фактысы катталган.

Демилгечинин айтымында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Башкы прокуратуранын маалыматтарына таянып, мас абалында (анын ичинде алкоголдук, баңги жана психотроптук заттарды) айдоо айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу жетиштүү эффективдүү жаза эмес деген тыянак чыгарууга болот.

Мыйзам долбоорунда унааны мас абалында башкаргандар үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18