13:11, 29 октября 2024, 24.kg

«Оберон» базарынын жери 3,8 млрд сомго бааланган. Базар мамлекетке кайтарылды

Photo 350971

  «Дордой» (өлчөмү 6,42 га) жана «Орто-Сай» (өлчөмү 1,68 га)  базарларында жайгашкан «Оберон» ЖЧКсы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 1998-жылы базар ээлери жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга (ижарага) алышкан.

 

Ошого карабастан «Оберон» ЖЧКсы тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан», — деп жазылат маалыматта.

Кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан мыйзамсыз берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын административдик жана шаардык сотунун чечими менен базарлар мэриянын муниципалдык менчигине өттү. Жалпы аянты 8,1 гектарды түзгөн 3 миллиард 889 миллион 563 сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Келечекте бул базарлардан түшкөн киреше шаардык бюджетке түшөт.

Учурда УКМК тарабынан бул кылмышты жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18