15:43, 28 октября 2024, 24.kg

Биздин сыймыгыбыз! Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасын улантаарын айтты

Олимпиаданын эки жолку байге ээси Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасын уланта тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Photo 350899

Ошондой эле вице-президенти кызматы ал үчүн жөн гана жаңы кызмат эмес, кыялдарын ишке ашыруу үчүн маанилүү жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк экенин жазган.

«Сиздер менен жакшы кабар менен бөлүшөйүн деп турам.

КР Күрөш федерациясынын кезексиз жыйынында федерациянын мүчөлөрү, улуттук курама команданын машыктыруучулары жана калыстар чогулуп, мага федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти милдети тапшырылды.

Мен үчүн бул жөн гана жаңы кызмат эмес — бул Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнө байланышкан кыялдарымды жана пландарымды ишке ашыруу үчүн маанилүү жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк. Мен өзүмдүн тажрыйбам жана колдооңуздар менен биздин спортчуларды шыктандырып, туура жолго сала алам деп ишенем, алардын профессионалдык өсүшүнө шарт түзүп, командалык духубузду бекемдей алам. Кыз-келиндер күрөшүнүн чоң потенциалы бар жана биз биргеликте мындан да көп ийгиликтерге жетишип, күчтүү жана максаттуу чемпиондордун жаңы муунун тарбиялайбыз деп ишенем.

Ошондой эле мен спортто кааларымды айткым келет. Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келип, өлкөбүз үчүн мелдешти улантам.

Мага ишенип, бул жолду мени менен бөлүшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем», -деди спортчу.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Кыргыз Республикасынын эң титулдуу спортчуларынын бири: Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медалдардын ээси, дүйнөнүн жана Азиянын бир нече жолку чемпиону.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18