Кыргызстан коңшу өлкөлөргө канча суу берип жаткандыгы Жогорку Кеңеште айтылды
Анын айтымында, быйыл Казакстанга Чүй облусунан 138 миллион метр куб суу, Талас облусундагы Киров суу сактагычынан 420 миллион метр куб суу келген.
«Келишим боюнча вегетация мезгилинде суунун 80 пайызын өзүбүзгө калтырып, 20 пайызын Казакстанга беребиз. Башка убактарда 58 пайызы бизде калып, 42 пайызы Казакстанга кетет”, — деп түшүндүрдү Алмазбек Сокеев.
Өзбекстан 2024-жылы 6 миллиард кубометр алган. Кошумчалай кетсек, Тажикстан сууну Кыргызстандан алат.
Министрдин орун басары республика боюнча жалпы суунун көлөмү 47 миллиард куб метрди түзүп, анын 12 миллиарды Кыргыз Республикасында калып, калганы коңшу мамлекеттерге кетип жатканын жыйынтыктады.