09:12, 28 октября 2024, 24.kg

Бүгүн «Алтын топ» сыйлыгынын ээси аныкталат?

Бүгүн, 28-октябрда дүйнөнүн мыкты футболчусуна бериле турган «Алтын топ» сыйлыгын ээси аныкталат. Бул тууралуу «France Football» журналынын Twitter баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2023/24-сезондун мыкты футболчусуна «Алтын топту» тапшыруу аземи 28-октябрда Париждеги Шателет театрында өтөт.

Мыкты футболчу наамына 30 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын арасаында негизги фаворит — «Реалдын» бразилиялык чабуулчусу Винисиус Жуниор аталууда.

Алдыңкы үч фавориттин катарына акыркы Евро-2024тун Испания чемпиону, Манчестер Ситиден Родри жана Барселона оюнчусу Ламин Ямал кирди.

2024-жылкы «Алтын топ» сыйлыгынын талапкерлери:

Реал Мадрид (Испания) Жуде Беллингем, Килиан Мбаппе, Винисиус Жуниор, Антонио Рюдигер, Федерико Вальверде, Даниэль Карвахаль

Манчестер Сити (Англия) Рубен Диас, Эрлин Холанд, Филип Фоден, Родри

Арсенал (Англия) Букайо Сака, Мартин Одегор, Уильям Салиба, Деклан Райс

Байер (Германия) Гранит Жака, Флориан Виртц, Алекс Гримальдо

Интер (Италия) Хакан Чалханоглу, Лаутаро Мартинес

Барселона (Испания) Ламин Ямал, Дани Ольмо

Рома (Италия) Артем Довбик, Матс Хуммельс

Бавария (Германия) Гарри Кейн

Астон Вилла (Англия) Эмилиано Мартинес

Атлетик Бильбао (Испания) Нико Уильямс

Челси (Англия) Коул Палмер

ПСЖ (Франция) Витиня

Аталанта (Италия) Адемола Лоукман

Эске салсак, «Алтын топту» France Football 1956-жылы Европанын жылдын эң мыкты футболчусуна (спорттук журналисттер тобунун пикирине таянып) сыйлык катары негиздеген. 2010-жылы ФИФА менен France Football «Алтын топтун» бириккенин жарыялаган. Алтын топ жана ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу сыйлыктары (улуттук команданын капитандары жана машыктыруучуларынын добушунун негизинде аныкталат.) 2016-жылдын сентябрь айында France Football ФИФА менен өнөктөштүгүн аяктаганын жарыялап, алгачкы жылдын мыкты оюнчусу системасына кайтып келген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18