18:53, 25 октября 2024, 24.kg

Садыр Жапаров «Кызмат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров президенттин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча жаңы, көп функционалдуу жана натыйжалуу мамлекеттик уюмду түзүү, калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү шарттарын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1.Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын базасында президенттин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (мындан ары — мамлекеттик мекеме) түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) мамлекеттик мекеме:

— президентинин Иш башкармасынын карамагында турат;

— Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат;

2) бул жарлыкты ишке ашыруу мамлекеттик органдар үчүн бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.

3. Президенттин Иш башкармасы эки айлык мөөнөттө:

1) мамлекеттик мекеменин жобосун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитсин;

2) юстиция органдарында мамлекеттик мекемени каттоодон өткөрсүн;

3) бул жарлыктан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте президенттин администрациясына киргизсин;

4) мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү камсыз кылсын;

5) бул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Министрлер кабинети эки айлык мөөнөттө:

1) өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин;

2) бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18