15:24, 25 октября 2024, 24.kg

Эмки жылы Суусамыр өрөөнүндөгү жолго капиталдык оңдоо иштери башталат

 

2025-жылы «Бишкек-Ош» унаа жолун капиталдык оңдоо иштери башталат, тактап айтканда, Суусамыр өрөөнүндөгү жолго асфальт-бетон төшөлмөсү жаңыланат. Бул тууралуу транспорт министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул транспорттук артериянын курулушу 1997-жылы башталып, 2005-жылы аяктаган. Бирок, 20 жылдан ашык иштегендиктен, ж кыйла эскирип, анын абалы жыл сайын начарлап баратат.

"Капиталдык оңдоого убакыт келди. Келерки жылы Суусамыр өрөөнүндөгү асфальт-бетонду толугу менен жаңылоону пландап жатабыз",-деди Талантбек Солтобаев.

Министрдин орун басары капиталдык оңдоого үстүн толук жаңылоо да, жаңы катмар төшөө менен эскисин оңдоо да камтылганын кошумчалады. Жолдун узундугу 670 чакырымды түзөт. Ал Суусамыр өрөөнүндө гана эмес, башка аймактарда дагы иштер улана турганын баса белгиледи. Оңдоо иштеринин мөөнөтү бөлүнгөн каражатка жараша болот жана министрлик жолдорду жакшы абалда кармоону көздөп жатат.

Ал ошондой эле 2023-жылы Сосновка жана Кара-Көл шаарларындагы кабыл алуу пункттарында 197 миллион сом чогулганын, ал каражаттар республика боюнча тоннелди жана башка жол долбоорлорун тейлөөгө жумшала турганын эске салды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18