14:53, 25 октября 2024, 24.kg

Гимн өзгөрөбү? Президенттин басма сөз катчысы дүрбөлөң түшпөөгө чакырды

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча коомчулукту дүрбөлөңгө салууга эч кандай негиз жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин бүгүн парламенттеги иш-чара жүрүшүндө: "Гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек",- деген билдирүүсүн Спикердин жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептейбиз. Анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты. Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок", — дейт катчы.

Белгилей кетсек, бүгүн, 35-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди да өзгөртүү керек деп эсептей турганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18