10:28, 25 октября 2024, 24.kg

Дубайда кыргызстандык кыз изделүүдө. Аны акыркы жолу аэропорттон көрүшкөн

Дубайда кыргызстандык кыз жоголду. Аны акыркы жолу аэропорттон көрүшкөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу Дубайдын ыйгарым укуктуу органдарына дайынсыз жоголгон Кыргыз Республикасынын жараны А.Б.ны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен тез арада суроо-талап жөнөткөн.

Туугандарынын айтымында, кыз акыркы жолу Дубай аэропортунда болгон жана учуп кетүүнү пландаган. Буга байланыштуу Башкы консулдуктун кызматкерлери ал жакка барышкан, тилекке каршы, эч кандай майнап чыккан эмес.

Өз кезегинде Башкы консулдуктун кызматкерлери иммиграция бөлүмүнөн жаран БАЭнин аймагынан чыкпаганын аныкташкан.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу А.Б.ны издөө боюнча зарыл иш-чараларды улантууда жана Дубайдын ыйгарым укуктуу органдары, ошондой эле дайынсыз жоголгон жарандын жакындары менен байланышта.

Кыздын жоголушу тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болду. Туугандарынын айтымында, кыз сүрөтчү болуп иштейт. Ал кино тартууга кетип, дайынсыз жоголуп жатат.

«Мен жакында досум менен байланыштым, анын үнү кооптонуп, 10 секунддан кийин байланыш үзүлүп калды. Анын колунда кара рюкзак жана кызгылт чемодан болгон. Акыркы белгилүү болгон жери Дубайдын Азизи аймагы болгон», — деп жазган жоголгон адамдын жакындары.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18