15:04, 24 октября 2024, 24.kg

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурдагы бажы кызматкери 26-декабрга чейин тергөө абагында болот.

Сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узартты.

Буга чейин Кара-Суу райондук соту Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, мурдагы аким Тилек Матраимовду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, оор залал келтиргени үчүн 1 миллион сом айыпка жыккан. Ош облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, 300 миң сом айып салган.

Эске сала кетсек, 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду Бакуда кармаган. Аны менен бирге агалары Тилек, Руслан жана Исламбек да кармалган.

26-мартта Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке экстрадицияланган. «Ал Кыргыз Республикасынын жетекчилигине кол салуу аракетин даярдап жаткан азербайжандык трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун Кыргыз Республикасында кармалган мүчөлөрү менен байланышы бар экени белгилүү болду», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Райымбек Матраимовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу» жана 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» боюнча кылмыш иши козголгон.

27-мартта Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна камаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18