14:45, 24 октября 2024, 24.kg

Жамиля Жаманбаева акыйкатчылардын Азия-Тынч Океан форумуна катышууда

Жамиля Жаманбаева Таиланддын Бангкок шаарында акыйкатчылардын Азия-Тынч Океан форумунда гендердик теңчилик көйгөйүн көтөрдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жамиля Жаманбаева Монголия, Непал, Пакистан, БАЭнин өкүлдөрү менен пикир алышып, аталган өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарынын сакталышын камсыздоо тууралуу сүйлөштү.

 

«Кыргызстанда кыз-келиндердин укуктарынын корголушу менин өзгөчө көңүл борборумда. Ата-энеси миграцияда жүргөн, жарым жетим, томолой жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кыздары эрте никеге турууга аргасыз болушууда. Ошондуктан калктын аярлуу катмарынын арасында гендердик теңсиздик маселеси олуттуу көйгөй бойдон калууда », - деди акыйкатчы.

Ошону менен катары эле, форумда глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн адам укуктарына тийгизген таасири, гендердик теңчилик жана жаш кыздардын эрте никеге туруу маселелери каралды.

Белгилей кетсек, форум ири аймактык бирикме болуп саналат. Форум катышуучу-өлкөлөрдүн улуттук укук коргоо институттарынын өнүгүшүнө жана чыңдалышына эл аралык кызматташтыкты координациялоо, окутуу, тажрыйба жана ресурстарды жайылтуу аркылуу көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Жыйынга 26 өлкөнүн адам укуктары боюнча өкүлдөрү катышты. Анын ичинен, 16 өлкө аталган форумдун толук кандуу мүчөсү «А» статусу менен, 9 өлкө «В» статусу менен катышуучу болуп жана Афганистан көз карандысыз мүчө катары катышты.

Акыйкатчы институтунан кошумчалашкандай, 2012-жылы Улуттук укук коргоочу мекемелердин Глобалдык альянсы Кыргызстандын Омбудсмен институтуна Париж принциптерине толук шайкеш келбейт деген негизде «Б» статусун ыйгарган. Учурда «В» статусу менен акыйкатчы Глобалдык альянсынын чогулуштарына гана катышып, бирок, добуш бере албай жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлей албай келет. Азия-Тынч Океан (АТФ) форумуна толук кандуу мөчө болуп, добуш берүү укугуна, олуттуу көйгөйлөрдү чечүүгө катышуу үчүн «А» статусуна ээ болуусу зарыл.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту аталган эл аралык форумдун «А» статусун алуу үчүн омбудсмендин көз карандысыздыгын жогорулатып, эл аралык келишимдерди ратификациялоону алга илгерилетүү жана адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарды сактоо үчүн үчүн мандатын жогорулатуу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18