17:38, 23 октября 2024, 24.kg

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Сезим Жуманазарова жеңиш менен баштады

Албанияда өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 23-октябрда кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча мелдештер өтүүдө.

Беттештер беш салмак категориясы боюнча финалисттерди аныктайт. Аларга кыргызстандык үч балбан кыздар катышат.

 

Photo 350275

59 килограммга чейинки салмак ченинде Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Сезим Жуманазарова 1/16 финалдык баскычтан старт алды. Ал эки мүнөткө жетпеген убакытта (1,58) монголиялык атаандашы Хулан Бямбасуранды 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. 1/8 финалда биздин спортчубуздун атаандашы Украинанын өкүлү Соломия Винник болмокчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18