13:33, 23 октября 2024, 24.kg

«Каркыра» көзөмөл-өткөрүү пункту күнү-түнү иштесе, автоунаа тыгыны жоюлат

«Каркыра» көзөмөл-өткөрүү пунктунун 24 саат боюу иштөөсү жүк ташуучу жана жеңил унаалардын тыгынын жок кылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Чек ара кызматынын директорунун орун басары Таалайбек Тажыбаев билдирди.

Депутаттар Кыргыз Республикасы менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоону үчүнчү окууда жактырышты. Документке ылайык, эми «Каркыра-автожол» өткөрүү пункту күнү-түнү иштей баштайт.

Таалайбек Тажыбаев белгилегендей, жаңы иштөө режими өткөрүү пункттарындагы кезек күтүүнү азайтууга жана кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын тыгынын жоюуга жардам берет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18