12:41, 23 октября 2024, 24.kg

Кышка даярдык. Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборун текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барып, энергетика объектисинин иши менен таанышты.

Photo 350174

Басма сөз кызматы билдиргендей, алар борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана тиешелүү түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен биргеликте ЖЭБдин бир катар объектилерин текшеришти.  Белгилей кетсек, ТВЕА эки агрегатты капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБи — өлкөнүн маанилүү энергетикалык объектилеринин бири экенин, борбор калаанын олуттуу бөлүгүн электр жана жылуулук менен камсыздап жатканын белгилеп, ЖЭБдин объекттеринин иштешин, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан ремонт иштерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Тиешелүү түзүмдөр менен болгон жолугушууда башка актуалдуу маселелер, анын ичинде Бишкек шаарындагы турак жайларды, социалдык жана башка объектилерди жылуулук тармактарына кошуунун жүрүшү талкууланды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18