11:30, 23 октября 2024, 24.kg

Жогорку Соттун жаңы төрагасы өлкөдө мыйзам үстөмдүк кыларын убада кылды

Жогорку Соттун жаңы төрагасы Медербек Сатыев депутаттардын алдында сүйлөп жатып, өлкөдө мыйзам үстөмдүк кыларын убада кылды.

Ал эл алдында ант берип, жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сот тутумунун эффективдүү иштеши үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

«Өлкө экономикасы түздөн-түз сот системасынан көз каранды. Мыйзам гана үстөмдүк кылат деп убада берем», — деди Сатыев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-октябрда парламент депутаттары Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин талкуусуз жактырышты.

Эми дайындоого президент кол коюшу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18