11:15, 23 октября 2024, 24.kg

Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди Жогорку Соттун төрагалыгына бекитти

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин талкуусуз жактырышты.

Эл депутаты Надира Нарматова белгилегендей, президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Соттун төрагалыгына биринчи жолу кесипкөй адамды дайындап жатат.

Медербек Сатыев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун Сокулук районунан баштап, андан соң Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалган.

Медербек Сатыев 2013-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын курамына киргени ачык булактардан маалым. Алар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган. Бул чечимден кийин Медербек Сатыев судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Photo 350145

2013-жылдын 6-августунда Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатыевге карата кылмыш ишин кароодо Кылмыш-процессуалдык кодекстин одоно бузулушуна байланыштуу атайын аныктама чыгарган.

2020-жылдын октябрында Медербек Сатыев президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

2021-2022-жылдары мамлекет башчынын аппаратынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан кийин Жогорку Соттун алдындагы сот департаментинин директору болгон.

2015-жылы «Республика Ата Журт» партиясынан депутаттыкка ат салышып, партиянын тизмесинде 43-орунда турган

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18