18:31, 22 октября 2024, 24.kg

Бишкекте жаңы газ отказандары ишке киргизилди

«Жал» жана «Шаар ооруканасы» отканаларында мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда жаңы газ от казандары ишке киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук энергиясы менен камсыз кылган «Ротор» отканасындагы жүктү азайтуу максатында «Жал» буу казанына 2 түрк өндүрүшүндөгү кубаттуулугу 5200 кВт болгон «Мимсан» газ буу казандары орнотулуп, 725 метр жылуулук трассасы тартылды.

Кошумча от казандарды орнотуунун натыйжасында 19 көп кабаттуу үй жана Эне жана баланы коргоо борборунун 2 имараты жылуулук энергиясын алат.

«Шаар ооруканасы» буу казанынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн дагы кубаттуулугу 5200 кВт болгон эски буу казан жаңысына алмаштырылды.

Отканада жыл ичинде газды үнөмдөө болжолу менен 202,58 миң куб метрди түзөт, башкача айтканда, 5 млн сомго жакын каражат үнөмдөлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18