18:22, 21 октября 2024, 24.kg

Кыргызстандыктар Чикагодо 1,2 миң ийгиликтүү компания ачышты

АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында кыргызстандыктар 1,2 миң ийгиликтүү компания ачышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулу Болотбек Борбиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ресторандардын саны 40ка жетет.

Болотбек Борбиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын жарандары АКШга келгенде биринчи кезекте тил маселеси, социалдык камсыздандыруу номерин жана иштөөгө уруксат алууда кыйынчылыктарга туш болушат.

Башкы консул учурда Чикагодо бир кыргызстандык үй камагында экенин, консулдук округда соттолгондор жок экенин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18