13:28, 21 октября 2024, 24.kg

2025-жылы дарыгерлердин айлыгын көтөрүү планда жок экендиги айтылды

2025-жылга планда дарыгерлердин айлыгын көтөрүү каралган эмес. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 17 миң штаттык медицина кызматкери болсо, 12 миңи иш жүзүндө иштейт.

Аткаминер 2024-жылдын сентябрынан тарта дарыгерлердин айлыгы 50 пайызга, медайымдардын айлыгы 20 пайызга, кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 10 пайызга жогорулаганын эске салды. «Республикалык болжолдуу бюджетте өсүш жок. Бул маселе боюнча Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

Жыйында депутаттар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгилин карашты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18