17:56, 18 октября 2024, 24.kg

Ажылык −2025. Зыяратчыларды эмдөөгө дарылар менен камсыздоого сынак жарыяланды

Зыяратчыларды менингит жана сезондук сасык тумоого каршы эмдөө үчүн дары-дармек менен камсыздоого сынак жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сасык тумоого жана менингитке каршы вакциналарды ташуу жана сактоо боюнча атайын талаптар белгиленген.

Сынактын катышуучуларынын экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу болбошу керек.

Буга чейин муфтият 2025-жылы ажылык сапарга бара турган зыяратчылардын кийим-кечесинин дизайнына сынак жарыялаган.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы 2025-жылдагы ажылык сапарга Кыргыз Республикасынан баруучу зыяратчыларга 6 миң квота бөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18